Каттоо кызматы 40 000 даана күбөлүктү ката жазып койгон

18 января 2018 10:13 1240 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 2012-жылы 40 000 даана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген, бирок документтер ката экени, качан ата-энелер балдары менен чет жакка кетип жатканда аныкталган.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдиргендей, Каттоо кызматы ката кетирип, кайра жаңы күбөлүктөрдү акысыз берерин убада кылган.

Бирок, азыркы тапта документ бекер берилбейт, анын баасы 120 сомду түзөт.

«Элестеткиле, 40 000 күбөлүктүн ар бири 120 сомдон берилип жатканын. Бул акчалар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат?»,-деди депутат.

Андан кийин Мусабекова өкмөттүн ЖК өкүлүнө кайрылып мындай абалга жол бергендерди жазалоону өтүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10801



Добавить комментарий