Сузакта үй ээсине тапанча такап карактап кеткен 4 жаран кармалды

17 января 2018 21:02 797 Barometr
Поделиться в:
ok

Талап-тоноого шектелип 4 киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсинин басма сөз кызматы кабарлады.

Башкармалыкка 47 жаштагы, Гулистан айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 13-январда, анын үйүнө бет капчан белгисиз бирөөлөр кирип келишкен. Алар тапанча менен коркутуп, аялдн буту-колун таңып акча жана алтын талап кылышкан. Үйдө балдары менен келин болгон. Жабырлануучу жашоосуна кооптонуп кылмышкерлерге акча, алтындарын берген.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелген Жалал-Абаддын төрт жашоочусу: 1977-жылы туулган А. Ш., 1994-жылы туулган С. М., 1999-жылы туулган Р. О., 1992-жылы туулган А. С. Кармалган. Алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content10796



Добавить комментарий