Жээнбеков төрага жана өкмөт башчы менен артыкчылыктуу маселелерди талкуулады

17 января 2018 16:39 517 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана  премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда президент кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы жөнүндө” жарлыгынын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги   милдеттери жана максаттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи. «Бул жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат”, - деп Жээнбеков бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.

Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багытта мыйзам базасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөткө өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жарлыктын алкагында бийликтин бардык бутактарынын алдында турган тапшырмаларды аткарууда эриш-аркак иштөөнү сунуштады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10792



Добавить комментарий