БШК: Бабановдон мыйзамга жооп берген арыз келген жок

17 января 2018 15:44 657 Barometr
Поделиться в:
ok

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшө элек.

Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген документ гана расмий арыз болуп саналат:

- Бизге арыз келип түшкөн жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго жооп бербеген кагаздарды кабыл ала албайбыз. Ошондуктан бизге арыз келип түштү деп айта албайбыз - деди Бекматов.

Ал эми БШКнын жалпы бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери арыз келгени менен ал Бабановдун өз колу менен жазылбаганын жана күбөлөндүрүлбөгөнү үчүн артка кайтарылганын “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазылып, БШКга жөнөтүлгөнүн ырастаган болчу.

Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ушу тапта чет өлкөдө жүргөнү кабарланган.

Жаңы жыл алдында Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10789



Добавить комментарий