Суукта көчөдө мас болуп жүргөн 5 жаштагы кыздын ата-энеси табылды

17 января 2018 15:14 2687 Barometr
Поделиться в:
ok

15-январда, Омскто (Россия) көчөдөн бараткан кишилер беш жаштардагы мас абалында болгон кызды байкашкан. Бул тууралуу аталган областтын ИИМнин башкармалыгына шилтеме берип басылмалар жазды.

Наристе мындай абалда катуу суукта канча жүргөнү белгисиз. Маалымдалгандай, элдер баланы жакын арадагы дүкөнгө алып киришип полиция менен дарыгерлерди чакыртышкан.

Текшерүүдөн кийин, кыздын организминде алкоголь бар экени аныкталган.

Тартип сакчылары наристенин ата-энесин табышкан. Полиция кызматкерлери баланын үйүнө барганда анын атасы мас абалында уктап жаткан. Ал эми энеси бул убакта жумушта болгон.

Учурда бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10787



Добавить комментарий