Талапка жооп бербеген 16 миң бөтөлкө алкоголдук продукция аныкталды

17 января 2018 12:35 793 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан, «Сосновка» көзөмөл бекетинен, шектүү акциздик маркасы бар, тиешелүү документи жок алкоголдук продукциясын ташып бараткан унаа токтотулду.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, транспорттук каражат салык мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддин жүрүшүндө кармалган.

Бардыгы болуп түрдүү идиштеги 16 932 бөтөлкө алынган.

Материалдар Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын Жайыл жана Панфилов райондору боюнча башкармалыктарына жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10784



Добавить комментарий