Эмгек китепчелердин электрондук базасын түзүү сунушталды

17 января 2018 12:00 428 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев жарандардын эмгек стажынын электрондук базасын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда, жыйында билдирди.

Депутат белгилегендей, азыркы тапта өлкөдө кагаз эмгек китепчелери колдонулуп жатат. Бирок кошуна мамлекеттер, ошондой эле Россия дагы электрондук базага өттү.

"Электрондук база түзүү керек, анткени биздин жарандар чет өлкөгө ошол кагаз вариантындагы документтери менен барганда ал жакта мындай документтер өткөн кылымды эске салат»,-дейт ал.

Өз кезинде, депутат Аалы Карашев, негизинен 90-жылдардагы эски үлгүдөгү документтер оорчулук жаратат деп белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content10780



Добавить комментарий