Өлкөдө минималдуу пенсия - 1800 сомду түзөт

17 января 2018 11:46 753 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда минималдуу пенсия 1800 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Ал, мындай пенсияны эмгек стажы толук эмес болгон адамдар же фермерлер алышат деп белгиледи. «Эмгек стажына ээ болбогон жарандар жөлөк пул алышат. Пенсия аларга каралган эмес. Эгер чет жактын жарандары Кыргызстанга келсе аларга, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, эгер камсыздандырууну төлөгөн болсо пенсия берилет»,-деп түшүндүрдү ал.

Абжапаров билдиргендей, 2018-жылдын 1-январына карата 630 миң пенсионер катталды.

«Жылына пенсия алуучулардын саны 40 миңге өсүп турат, дээрлик 20 000дейи каза болушат»,-деп кошумчалады төрага. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, пенсияга чыккан адам пенсия алуу үчүн жөн гана арыз жазат, ал эми калган керектүү документтердин баарын Соцфонд чогултат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10779



Добавить комментарий