Юстиция министринин орун басары кыргызча жакшы билбегени үчүн сынга алынды

17 января 2018 11:23 827 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-январда, депутаттар экинчи окууда «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзам долбоорун карап чыкты.

Тиешелүү комитеттин маалыматын уккандан кийин, эл өкүлдөрү, мыйзам долбооруна тийиштүү суроолорду бере баштады. Бирок юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев, бир дагы суроону түшүнбөй калып, таптакыр бөлөк суроолорго жооп берди. Мындай нерсе депутаттардын нааразылыгын туудурду.

Депутат Рысбек Момбеков, ал тургай экономика министри Артем Новиков да кыргыз тилин түшүнө баштады деп кошумчалады. Ал эми бул эл өкүлү депутаттарды чаташтырганы аз келгенсип, комитетти жаңы өзгөртүүлөр киргизилген жок деп күнөөлөөдө.

Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев, эки тилде жооп берүүгө болорун айтты.

Алтынбек Сулайманов ката кетиргендерди жоопко тартууга чакырды. Талаштын жыйынтыгында депутаттар маселени күн тартибинен алып салууну чечти.

Ссылка: https://barometr.kg/content10778



Добавить комментарий