Өлкөдө алгачкы ирет «Токио-2020» машыгуу базасы ачылат

17 января 2018 10:57 595 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда биринчи жолу, грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Кыргызстан курама командалары үчүн «Токио-2020» машыгуу базасы ачылат. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов курама команданын спортчулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Как отмечается, для сборных по видам спорта планируется открыть  тренировочной комплекс на территории спортивной базы Дирекции студенческого и школьного спорта при госагентстве.

Аманкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө айтылган спорттун түрлөрү боюнча курамалардын өзүнүн базасы жок. «Биз, спортчулар үчүн баардык зарыл ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келишинче аракет кылабыз»,-дейт ал.

Белгилесек, 2020-жылы Япониянын Токио шаарында Олимпиада оюндары өткөрүлөт, оюнга Кыргызстандын спорт чеберлерин татыктуу деңгээлде даярдоо пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10773



Добавить комментарий