Депутаттар Дача-Судагы учак кырсыгынын курмандыктарын эскерди

17 января 2018 10:38 588 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-январда, Кыргызстандын парламентинин депутаттары жыйынды былтыр Дача-Су айылында болгон учак кырсыгынан курман болгондордун элесин бир мүнөттүк эскерүү менен баштады.

Жыйындын башында эл өкүлдөрү жыйындын күн тартибин бекитип, андан соң төрага депутаттарга туура бир жыл мурун Дача-Суда авиакырсык болгонун эске салды.

Ал, кырсыктан 35тен ашуун киши каза тапкан деп белгилеп, жыйынды алардын элесин бир мүнөттүк эскерүү менен баштоону сунуштады.

Мындан кийин эл өкүлдөрү ишке киришти жана азыркы тапта «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат

Ссылка: https://barometr.kg/content10772



Добавить комментарий