Маморгандарга Бишкектеги абанын булганышы маселесин чечүү тапшырылды

17 января 2018 10:22 1223 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 16-январда, Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, тактап айтканда, абанын булгануу көйгөйүн чечүү максатында комплекстүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусундагы жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө борбордогу экологиялык абал актуалдуу жана коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маселе болуп саналат.

Сапар Исаковдун айтымында, Бишкек шаарында абанын зыяндуу заттар менен булганышынан улам жарандардын ден-соолугуна жагымсыз таасирин тийгизүүчү түтүн каптоодо.

Премьер-министр аталган маселени комплекстүү чечүү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Биз аталган маселе боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана так стандарттарды иштеп чыгуу жолу аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүбүз керек. Бул биздин жарандардын ден-соолугуна тийиштүү маселе жана ал жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилиши тийиш. Биз абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгарылышын төмөндөтүү жаатында чоң секирик жасообуз үчүн бардык ресурстарды мобилизациялообуз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияныны директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, Бишкек шаарындагы абаны булгоочу негизги булак катары автоунаалар аныкталган. Ал белгилегендей, болжол менен 20 унаанын 16сы абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормасынан ашып түшөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын от казандарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды төмөндөтүү жана аны ырааттуу түрдө көмүрдөн альтернативдүү отундун булактарына өткөрүү боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Кеңешме соңунда Сапар Исаков Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, эки жума ичинде Өкмөткө аталган көйгөйдү чечүү боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, тийиштүү мамлекеттик органдарга абага булгоочу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча норманы көзөмөлдөө боюнча тийиштүү мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10770



Добавить комментарий