Аксыда тургунга бычак сайган аял колго түштү

16 января 2018 18:12 1021 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда Аксы районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу, 14-январда болжол менен түшкү саат экилерде аймактык ооруканага баратканда 1978-жылы туулган, Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Б.Т. жолдо каза тапкан.

Кылмышка шектелип 1989-жылы туулган жергиликтүү жашоочу кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя чатактын айынан болгон. Шектүүнүн айтымында, айылдашы ага мас абалында үйүнө келген, кийин экөөнүн ортосунда уруш чыккан.

Кызуу кандуулукка алдырган аял ага бычак сайган.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10760



Добавить комментарий