“Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” мыйзамга ɵзгɵртүүлɵр киргизилди

16 января 2018 17:38 479 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков “Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” КР мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” КРдын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам кɵрсɵтүү чөйрөсүндөгү өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган мыйзам менен «Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ» мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген.

Ошондой эле мыйзам менен Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери такталып, онкологиялык ооруларды азайтууга багытталган иш-чараларды каржылоо булактары - милдетүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жүргүзүү тууралуу ченем менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10756



Добавить комментарий