Мирзиёев: «Эски тартип өзгөрбөйт деп ойлогондорду иштен айдайм»

16 января 2018 17:29 2167 Barometr
Поделиться в:
ok

Ташкентте 11-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин төрагалыгы алдында, видеоселектордук жыйын өткөрүлдү. Жыйын өлкөнүн ТИМ жана элчиликтеринин ишмердүүлүгүн анализдөөгө арналган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

"Пикир, көз карашын өзгөртүүнү каалабаган жана баары эле мурункудай тартипте болот деп ойлогондор катуу жаңылышат. Мен мындайларды иштен айдайм! Алар, өздөрүнө төлөнгөн маяналарын кайтарып беришет. Ирригациялык окуу жайдын ректорун кызматынан бошоткондо, ал 3 жыл ичиндеги айлыгын өткөрүп берди. Мындай жол менен 3 министр дагы жумуштан кетирилген. Эми мындан ары тартип ушундай болот»,-дейт президент.

Ссылка: https://barometr.kg/content10755



Добавить комментарий