Бишкек - Ош жолунда май ташыган унаа оодарылды
Поделиться в:
Жалал-Абад областында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 16-январда, саат 14:29да, Бишкек-Ош жолунун 386-чакырымнда "DAF" май ташыган унаасы жолдон чыгып оодарылды.
Цистернада 37 тоннадай солярка бар болчу, анын дээрлик 2 тоннадайы төгүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content10752
Добавить комментарий ×