Иран Кыргызстан менен банк жаатында кызматташууга кызыкдар

16 января 2018 15:56 563 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирандык ишкерлер Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды жана фонддорду ачууга кызыкдар. Ирандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани, банк тармагындагы кызматташтык былтыркы жылдан баштап жандана баштаганын айтты.

«Жакынкы араларда бул жаатта кызматташуу өз натыйжасын берет деп ишенебиз. Банктык кызматташуу калыбына келсе товар жүгүртүү дагы жогорулап, ал Ирандан ишкерлердин келишине стимул бермекчи»,-дейт ал.

Элчи кошумчалагандай, Ирандын техникалык кызматтарды көрсөткөн компаниялары дүйнө жүзү боюнча таанылган жана алар түрдүү мамлекеттерде көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келишет. Ал, эки өлкө ортосундагы экономикалык алакалардын өнүгүшүнө таасир берүүчү бардык демилгелерди, ошондой эле Кыргызстанда ирандык банкты ачуу идеясын дагы колдоого даярдыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10749



Добавить комментарий