Апаз Жайнаковдун уулу Максат: Атамдын ырларынын кайрыктары ушунчалык уккулуктуу болуп жатат

16 января 2018 14:16 1231 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаковдун уулу Максат Жайнаков залкар обончунун ырларын кесипкөй ырчыларга жазыдырта турганын barometr.kgге билдирди.

«Убакыт өткөн сайын атамдын ырларынын кайрыктары ушунчалык уккулуктуу болуп болуп келе жатат. Эми Кудай буюрса атамдын атындагы фонддун эсебинен профессионал ырчыларга, музыканттарга, «Камбаркан» этнографиялык ансамблине жана симфониялык оркестрге ырларын жаздырмакчыбыз»,-деди Максат Жайнаков.

Ошондой эле Жайнаков эки жылдан кийин Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгана карата мааракелик кечеси белгилене турганын, ага даярдык иштери азыртан башталганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10747



Добавить комментарий