Канча үйдүн шам чырагын өчүрүп, бак-таалайын тепсеп кетти бир учак....

16 января 2018 14:09 3033 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-январда Чүй облусунун Дача Су айылында болгон трагедияга туура бир жыл болду. Айтсак, 2017-жылдын 16-январында Дача-Су кыштагында “Боинг-747” жүк ташуучу учак кулап, анын кесепетинен Кыргызстандын 34 жараны, экипаждын 4 мүчөсү - Түркиянын жарандары  каза тапкан. Жакында эле, 13-январда, трагедия болгон жерге авиакыйроонун кесепетинен каза тапкандарга эстелик ачуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Эстрада ырчысы Самара Каримова “Учак арман” чыгармасын бул каргашалуу окуяга арнады. Чыгарма былтыр жазылса дагы бул күндөрү кайрадан актуалдуу болуп турган чагы. Ырдын сөзүн Жыпара Акунова жазган, ал эми обону Адыл Мирзобаевге таандык.

Ырдын клибинде ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңун чагылдырган, жүрөк сыздаткан кадрлар көрсөтүлгөн.  

Ссылка: https://barometr.kg/content10745



Добавить комментарий