Мелдешүү: Бишкек ЖЭБиндеги жаңы түтүктөр кыскабы же узунбу?

16 января 2018 13:20 474 Barometr
Поделиться в:
ok

«Электр станциялары» коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева, Бишкек ЖЭБинин жаңы түтүктөрү эскисине караганда кыйла кыска деп эсептегендерге мелдешүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында жазган.

"Жылуулук электр борборунун жаңы курулган түтүктөрү кыска болуп калган дегендер, келгиле, бир күндү белгилеп алып, колубузга рулетка алып чогуу ченейли. Жаң ытүтүктүн бийиктиги 150 метрди түзөт. Эскиси болсо 100 метр болчу. Жеңилген тарап, же башкача айтканда, түтүктү кыска дегендер балдар үйүнө беш, ой жок, он куту мандарин жеткирип берет жана туура эмес айтканын расмий түрдө мойнуна алат. Ошентсек туурабы?»,-деп ал интернет колдонуучуларга кайрылды.

Белгилесек, буга чейин интернетте колдонуучулар Бишкек шаарында аба өтө булганып кеткенин айтып даттанышкан. Ал эми жакында эле ЖМКларда чыккан маалыматта, кара түтүн ЖЭБдеги жаңы түтүктөр кыска болгондугуна байланыштуу калаадагы аба кирдеп жатат деп билдирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10742



Добавить комментарий