Футзал боюнча улуттук курам Азия чемпионатына даярданууда

16 января 2018 12:57 508 Barometr
Поделиться в:
ok

Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат.

Окуу-машыгуу жыйыны Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ден-соолукту чындоо комплексинде өтүп жатат. Курамда 20 оюнчу бар.

11-январда машыгуунун жүрүшү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов таанышты.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов белгилегендей, күн сайын үчтөн машыгуу белгиленген: эртен мененки кросс, тактика жана чеберчилик боюнча машыгуу, физикалык даярдык.

14-январда улуттук курама команда Бишкек шаарында “Sun City” (Бишкек) клубу менен, 20-январда Россиянын “Спартак” (Москва) командасы менен беттешет. Андан тышкары, Өзбекстан курама командасы менен беттеш уюшулары күтүлүүдө.  

Эске салсак, футзал боюнча Азия чемпионаты 1-февралдан 11-февралга чейинки аралыкта Кытайдын Тайбэйинде өтөт. Кыргызстан курама командасы Таиланд, Иордания жана Ливан командалары менен “D” тайпасында орун алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10741



Добавить комментарий