Жемиштерди документи жок жүктөп бараткан унаа токтотулду
Поделиться в:
Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, «Түштүк» ыкчам бажысынын кызматкерлери менен бирге, тиешелүү документтери жок ташылып бараткан аткезчилик жүктү токтотушту.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
11-январда, Оштогу Жапалак кыштагынын аймагында, Н.У. аттуу айдоочу айдап келаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын ичинде жалпы салмагы 5886 кг түзгөн жер-жемиш салынган куту аныкталган.
Түштүк аймак боюнча Соода-өнөр жай палатасынын жыйынтыгына ылайык, товардын жалпы наркы 400 000 сомдон ашкан.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Аткезчилик») менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10739
Добавить комментарий ×