Бишкекте 3 унаа күйүп, бир адам каза тапты

16 января 2018 12:17 1171 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте ири өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 15-январда, Красный Строитель конушунда Бельская көчөсүндө жайгашкан техникалык тейлөө станциясында өрт чыгып, анын кесепетинен автотетиктер сатылган дүкөн менен дөңгөлөктөрдү желимдөө жайы толугу менен күйүп кеткен.

Күйгөн аянт 150 чарчы метрди түзгөн. Ошондой эле, станцияга жанаша турган 3 унаа: “Тойота-Королла”, “Ауди-100” жана “Жигули” күйгөн. Станциянын ичинен белгисиз адамдын сөөгү табылды, учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10738



Добавить комментарий