Кыргызстанда теракт уюштурууга камданган жаран кармалды
Поделиться в:
Өткөн жылы 30-декабрда, террордук уюмдун активдүү мүчөсү, 1995-жылы туулган, Ж.С. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал, жабык социалдык-виртуалдык топто, Кыргызстанда теракт уюштуруу үчүн колдо жардыргыч заттарды жасоо боюнча окуудан өткөнү аныкталды.
Азыркы тапта УКМКнын иликөө органдары тарабынан, 299-2-беренеи боюнча иш козголду.
Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10737
Добавить комментарий ×