Баткенде Чубак ажы менен жолугушууга 15 миңден ашуун адам келди

16 января 2018 10:41 1327 Barometr
Поделиться в:
ok

 14-январда, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы  Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келип, Баткен облусунун мусулмандар  казысы Муса ажы Жолдошов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын расмий сайтында маалымдалган. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кызыктуу баяндама жасап берди. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын баш имамынын айтымында сабакка 15 миңге чукул адам келип, сабак суроо-жооп менен уланган.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов билдиргендей, Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыянын тургундары менен, шаардагы Мураталы ажы Жуманов атындагы борбордук мечитте жолугушту.

Ссылка: https://barometr.kg/content10731



Добавить комментарий