Быйыл ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Бишкекте өтөт

16 января 2018 10:25 570 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 15-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле отурумга парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана аппарат кызматкерлери катышты. 

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага дүйнөнүн 57 мамлекетинен 200дөй парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө өткөрүлүп келген ЕККУ ПАнын жыйындарында парламенттер ортосундагы кызматташтыктан баштап, эл аралык деңгээлдеги саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакалар талкууга алынат. Андыктан, Бишкекте өтчү кезектеги күзгү жыйында да олуттуу темаларда талкуулар жүргүзүлөрү мерчемделген. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, жумушчу тобу да иш алып барууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10729



Добавить комментарий