Төрага спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады
15-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ата-мекендик спортчуларыбыз өзүнүн ийгиликтери менен өлкөбүздү таанытып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков, алардын талыкпас эмгегинин арты менен Кыргызстандын желеги дүйнөнүн ар кайсы бурчунда желбиреп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал Бусурманкул Абдибаит уулуна арбын ийгиликтерди каалап, дагы да алдыңкы орундарды багынта берүүсүн тиледи.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу кулатуу эр таймашы боюнча (WEF) дүйнө чемпиону, ошондой эле грепплинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/content10727
Добавить комментарий ×