Бабанов журналисттерди аны саясатка аралаштырбоого чакырды

16 января 2018 09:53 1407 Barometr
Поделиться в:
ok

Өмүрбек Бабанов журналисттерди аны саясатка аралаштырбоого чакырды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында билдирген.

"Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары.
Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.

Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм”,-деп жазган Бабанов.

Белгилесек, "Де-Факто" гезитинде, кыязы Бабанов чет жакта Курманбек Бакиевдин тууганы жана Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов менен жолугушканы жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10721



Добавить комментарий