Жээнбеков Дача-Суда учак кырсыгынан жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту

15 января 2018 16:55 986 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда 2017-жылдын 16-январында Чүй областынын Дача-Су айылында “Боинг-747” жүк ташуучу учактын кулашынан улам туугандарын жана  жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту.

Президент аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи. “Ал күндөрү  бүт өлкөбүз оор жоготууну баштан кечирип  жатты. Терең кайгыруу менен дагы бир жолу сиздерге көңүл айтам”, - деп Сооронбай Жээнбеков жабыркагандарга кайрылды.

Жолугушууда жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова кыргызстандыктарга көңүл буруп, кайгысын тең бөлүшкөнү, берилген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.  Муну менен бирге социалдык түйүндөрдө жана массалык маалымат каражаттарында жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражаттары жана гуманитардык жардам жөнүндө туура эмес маалымат таркатылган  бир катар жагдайларды дагы белгиледи.

Анын айтымында  жабыркагандар өздөрү бир да жолу нааразычылык айткан эмес, анткени алардын бардык кайрылуулары өкмөттүк комиссия тарабынан өз убагында канааттандырылып жатты.

“Жабыркагандар өкмөттүк комиссия менен биргеликте тыгыз иштешти жана биздин бир да маселебиз, бир да көйгөйүбүз чечилбей калган учур болгон эмес. Бардык акча каражаттары, анын ичинде Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары тарабынан чогултулган каражаттар биз каалагандай, биз айткан сунуштарды эске алуу менен бөлүнүп берилди”, - деди  Венера Шейшенова.

Президент менен болгон жолугушуунун соңунда балдар белекке планшет алышты.

Белгилей кетсек, ата-энесинен айрылган балдар: Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан, Урайымов Санжар жана Алымбек кызы Аселге атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ачылган атайын эсепке чогулган акча каражаттардан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнүүчү акча каражаттар балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын  атайын эсебинде сакталат.

Булардан сырткары, бүгүн президент менен жолугушууга авиакырсыктын кесепетинен бир туугандарынан  айрылган Карыпбаева Сайкал дагы келди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10713



Добавить комментарий