Май ташыган эки унаа көңтөрүлүп, 26 тоннадан ашуун бензин төгүлдү
Поделиться в:
Жалал-Абад областында Бишкек – Ош автожолунда эки жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
14-январда саат 14:00дө, автожолдун 422-чакырымында DAF май ташыган унаа оодарылып кетип, анын кесепетинен бир тоннадай күйүүчү-майлоочу май төгүлгөн.
Ошол эле күнү кечки саат 8:49дарда, Бишкек-Ош жолунун 326-чакрымында Вольво май ташыган автоунаанын вагону (цистерна) көңтөрүлүп кеткен, натыйжада дээрлик 25 тоннадай май төгүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content10712
Добавить комментарий ×