Адам сатуунун алдын алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилди

15 января 2018 16:25 1111 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 «Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө» токтомуна ылайык, Программанын аткарылышы боюнча топтомо отчетту түзүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жүктөлгөн.

Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укук улантуучусу болуп саналбайт. «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна ылайык, координациялоочу орган Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан аныкталууга тийиш.

Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында мыйзамда ыйгарым укуктуу органды аныктоо милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган субъектилердин тизмесине киргизүү боюнча өзгөртүүлөр каралат.

Ошондой эле, мыйзамда адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелеринде өтө маанилүү инструмент болуп саналган «адамдарды сатуунун курмандыктарын (мындан ары - АСК) башка жакка жиберүүнүн улуттук механизмин» киргизүү сунушталат. АСК толук кандуу коргоо жана аларга жардам берүү үчүн, азыркы учурда бир нече субъектилер ишке ашыруучу иш-чаралардын бүтүндөй комплекси зарыл. Башка жакка жиберүү механизми АСК аныктоо жана идентификациялоо, башка жакка жиберүү, реабилитациялоо тартибин белгилеген мамлекеттик органдардын жана БКУлардын, ошондой эле АСК менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча адистештирилген мекемелердин иш-аракеттер системасын билдирет. Башка жакка жиберүү механизми АСК жардам көрсөткөн бардык субъектилердин өз ара аракеттенүү маселелерин, аларга укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүү кезектүүлүгүн, АСК персоналдык маалыматтарын жана инсандыгын коргоону камсыз кылуунун атайын механизмдерин жана социалдык реабилитациялоо маселелерин карайт.
Башка жакка жиберүү механизмин жайылтууну эске алуу менен, адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы аныкталган соң кийинки кадам аны АСК идентификациялоонун бекитилген критерийлеринин негизинде курмандык катарында идентификациялоо жол-жобосу болуп саналат. Идентификациялоо адамга «адамдарды сатуунун курмандыгы» статусун ыйгарууга жана аны коргоонун, жардам көрсөтүүнүн толук кандуу механизмин киргизүүгө жол ачат. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10711



Добавить комментарий