Кыргыстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууланууда

15 января 2018 12:53 506 Barometr
Поделиться в:
ok

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында президенттин аппаратынын, Туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин катчылыгынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбооруна сунуштарды талкуулашты.

Кеңешменин катышуучулары Кыргызстандын жарандарынан Туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин катчылыгынын электрондук почтасына келип түшкөн, ошондой эле өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлгөн тегерек үстөлдөрдүн жүрүшүндө айтылган сунуштарды талкуулады.

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин катчылыгына 2018-жылдын  20-январына  чейин Улуттук стратегияны  долбоорун  өзүнүн кароосуна киргизүү боюнча  тапшырма берген.  Стратегиянын жыйынтыкталган варианты  2018-жылдын февралынын акырына чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин жыйынында кабыл алынууга тийиш.

Стратегиянын долбоору 2017-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин отурумунда негиз катары кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтына коомдук талкууга  коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10696



Добавить комментарий