Сулуулар сынагынын катышуучусу артык кылам деп тыртык кылды
Поделиться в:
Сулуулар конкурсунун катышуучусу артык кылам деп тыртык кылып алды. Ал сахнага чыгып баратканда, башындагы кооздолгон куштун жүндөрү отко күйүп кеткен. Окуя Сальвадордо болгон деп билдирет РИА Новости.
Видеодон көрүнгөндөй, сахнадагы кооздолгон ар кандай декорациялар кызга бир топ түйшүк жараткан. Алгач ал башындагы куштун канаттарынан жасалгаланган оордукту көтөрө албай сахнага эптеп чыккан. Кийин көрүүчүлөрдүн алдына келгенде, катышуучулардын бири колунда кармап турган оттон башындагысы өрттөнүп кеткен. Уюштуруучулар дароо сахнага чуркап келишип, жалынды өчүрүүгө аракеттенген.
Ссылка: https://barometr.kg/content10695
Добавить комментарий ×