Сүйүктүүсүнүн сексуалдык каалоосунан тажаган аял аны өлтүрүп тынды

15 января 2018 12:00 4448 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШда жашаган Латвиянын 37 жаштагы жашоочусу 46 жаштагы сүйүктүүсүн сууга атайылап чөктүрүп өлтүрдү. Аялдын айтымында, ал мындай кадамга сүйүктүүсүнүн сексуалдык каалоолоруна чыдабай калганы үчүн барган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Окуя Нью-Йорк штатындагы Гудзон дарыясында болгон. Аялдын сүйктүүсү кайыкка отуруп сейилдөөгө жөнөгөн. Бул арада аял бекиткичти сууруп салган да, кайыктын ичи сууга толуп кийин чөгүп кеткен.

Кылмышкердин айтымында, ал мурун деле сүйүктүүсүнөн кутулуунун жолдорун көп ойлочу. Анткени ага, маркумдун үч киши болуп чогуу секс жасоо сунушу жаккан эмес.

Аял күнөөсүн мойнуна алган. Сот аны 4 жылга эркинен ажыраткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10691



Добавить комментарий