Түркияда учак тилкеден чыгып деңизге кулап кете жаздады
Поделиться в:
14-январда, Pegasus Airlines авиакомпаниясына таандык, Анкарадан Трабзон шаарына багыт алган жүргүнчү ташыган учагы учуп-конуу тилкесинен чыгып, жарга такалып деңизге кирип кете жаздаган. Бул тууралуу Анадолу билдирди.
“Боингдин” бортунда 162 жүргүнчү жана 6 экипаждын мүчөсү болгон. Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Авариядан кийин аэропорт бир нече саатка жабылган.
Учурда окуянын себептери иликтенип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10682
Добавить комментарий ×