АКШ Кыргызстанды коопсуз өлкөлөр тизмесине киргизди

13 января 2018 15:53 1700 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын мамлекеттик департаменти, Кыргызстанды америкалык саякатчылар үчүн коопсуз болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Саякатчылар үчүн сунуштоолор америкалык тышкы саясат ведомстволору тарабынан 2018-жылы 10-январда жарыяланган.

Анда ошондой эле, интерактивдүү карта жана анда дүйнөдөгү мамлекеттер барууга кооптуу болгон деңгээлине жараша категорияларга бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Кыргызстан жана Борбор Азиянын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрү коопсуз мамлекеттер тизмесине кирди.

Кооптуулугу төмөнкү деңгээлде турган өлкөлөр тизмесине: Афганистан, Иран, Ирак, Йемен, Ливия, Мали, Сирия, Түндүк Корея, Сомали, Түштүк Судан жана Борбордук африкалык Республикасы кирди.

Ал эми эң коопсуз мамлекеттердин тизмесинде Аргентина, Австралия, Австрия, Болгария, Канада, Жаңы Зеландия, Финляндия, Япония жана башкалар орун алды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10671



Добавить комментарий