Бишкекте ымыркайын колуна алып унааны башкарган аял табылды

13 января 2018 13:53 3037 Barometr
Поделиться в:
ok

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери, 6-январда, бөбөктү жанына алып унааны башкарган аялды кармашты. Ымыркайдан бөлөк жанында жашы бир аз улуу наристе дагы болгон.

Бул окуя тартылган видео жарыялангандан кийин, аталган башкармалыктан билдиришкендей, милиция айдоочу аялды издөө жана анын өздүгүн аныктоону баштаган. Аныкталгандай, ал аял Бишкектин 29 жаштагы тургуну болгон, ага 2000 сом айып пул салынды.

Белгилесек, Административдик жоопкерчилик боюнча кодексине ылайык, жанына эмес ал турсун унаанын алдыңкы отургучунда 12 жашка чейинки балдарды отургузууга тыюу салынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10666



Добавить комментарий