Жээнбеков тарых музейин калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышты

12 января 2018 18:18 740 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышып чыкты.

Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары рангында этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана музейдин директору Анара Исиралиева музейди калыбына келтирүү, экспозициянын мазмунун жаңылоо жумуштары боюнча маалымат беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков, аткарылган жумуштар менен таанышып чыгып, музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча  сунуштарын айтты.

Реконструкциялоо аяктагандан кийин тарых музейи бардык талаптарга жооп берген, медиастанциялар жана интерактивдүү такталардын жардамы менен кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон заманбап музейге айланат.

Бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштери жыйынтыкталды, эми  көргөзмө материалдарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды жакшыртуу боюнча жумуштар калды. Музейдин ичин – дубалдары, имараттын чатыры толугу менен оңдоп-түзөлдү, инженердик тышкы жана ички коммуникациялары толук алмаштырылды, жабдыктар жана медиалык комплектациялар орнотулду.

Музейдин айланасын оңдоп-түзөө жумуштары Түркиянын премьер-министринин аппаратынын алдындагы кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА) тарабынан жасалууда. Жаңыланган тарых музейинин ачылышы 2018-жылдын март айына пландалууда. Учурда музейдеги 30дан ашуун медиастанциянын мазмунун тактап-бышыктоо боюнча иштер жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10655



Добавить комментарий