«Глобус», «Фрунзе» гипермаркети жана «Фаиза» кафесине айыппул салынды

12 января 2018 17:03 1763 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги «Глобус», «Фрунзе» супермаркеттеринин, жана «Фаиза» кафесинин кызматкерлерине 500дөн 3000 сомго чейин айыппул салынып, административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Улуттук банктан маалымдашкандай, аталган жайлардын жумушчулары товарга төлөөдө 10 жана 50 номиналындагы тыйындарды кабыл алышкан эмес, муну менен кызматкерлер мыйзамды бузган.

Сом – Кыргызстандын бардык аймагында жалгыз мыйзамдуу төлөм болуп саналат, деп эскертишти банктан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10650



Добавить комментарий