Кенгуру турист кызды дааратканага киргизбей жолун тороду

12 января 2018 12:31 1496 Barometr
Поделиться в:
ok

Франциялык турист кыз австралиялык Перта шаарына жакын Джон Форест улуттук сейил багында аялдардын бөлмөсүнө кире албай койгон. Анткени дааратканага барчу жолдоун ортосуна кенгуру жатып алып турбай койгон. Бул тууралуу Лента.ру билдирди.

30 жаштагы Сандрина Даньо (Sandrina Duniau) эс алып жаткан бул жаныбарга тоскоол болбоюн деп чечкен. «Кенгурунун сексуалдуу позада жатканын көрүп аябай күлдүм. «Эй, чоң кыз иштериң кандай?» деп кокустан сүйлөп жиберсе дагы таң калмак эмесмин»,-дейт турист.

Ссылка: https://barometr.kg/content10637



Добавить комментарий