Энеси 25 жаштагы уулун бычактап өлтүргөн
Поделиться в:
Костанай областында энеси өзүнүн баласына бычак сайган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Мындай кандуу кылмыш жаңы жылдын биринчи күнүндө болгон. 1-январда криминалисттер зордук-зомбулуктун белгилери бар 25 жаштагы эркек адамдын жансыз денесин табышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектелип маркумдун өз энеси кармалган. Учурда иликтөө улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10630
Добавить комментарий ×