Кыргызстанда бир суткада 9 өрт катталды

 
270 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде, 11нен 12-январга караган күнү 9 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошто Амир Темур көчөсүндөгү турак үйдүн 105 чарчы метр аянттагы 3 бөлмөсү, документтер, буюмдар күйгөн. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталууда.