Таласта Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маареке болот
Поделиться в:
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, жумушчу сапар менен Талас областына барат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Сапардын алкагында өкмөт башчы Таластагы Кара-Буура районуна караштуу Шеер айылында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чаралардын ачылышына катышат.
Мындан тышкары, премьер-министр Манас районундагы Май кыштагындагы орто мектептин ачылышына катышат жана Талас мамлекеттик университетинин студенттери, эмгек жамааты менен жолугушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10624
Добавить комментарий ×