Аба ырайы: 12-16-январда кар жаап, ызгаардуу суук болот

11 января 2018 17:56 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына 12-16-январь күндөрү калың кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу жолдорго кар күрткү топтолот.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл областтарында абанын температурасы түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -3…-8°, күндүз -3…+2°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7°, Нарын областынын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -7…-12°, бийик тоолуу райондордо болсо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° градуска жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал-жандыктарды кармоону, автотранспорт, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарынын ишин кыйыныдатат.

12-16-январга карата аба ырайы

12-январда республиканын көпчүлүк жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында туман түшөт. Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы тездеп, секундасына 2-7 метрге жетет.

13-январда айрым райондорго кар түшөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде жер-жерлергди туман каптайт, жолдор тоңголок болот.

14-16-январь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймагына кар жаап, тоолуу жолдорго кар күрткү топтолот.

Ссылка: https://barometr.kg/content10616



Добавить комментарий