Сот отуруму Аида Салянованын катышуусу жок уланмай болду

11 января 2018 16:30 1880 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-январда, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова, депутат Аида Салянованын жактоочусунун ал сакайганга дейре процессти токтото туруу өтүнүчүн кабыл алган жок.

Эске салсак, буга чейин, Салянова жүрөгү ооруп бейтапканага жатканы маалым болгон. Бирок прокурор жана сот мындайга ишенген эмес. Сот, Салянова чындап эле ооруп жатабы-жокпу муну текшерүү үчүн комиссия түзгөн.

Жыйында дарыгерлер депутат чыны менен жүрөк дарты менен ооруп жатканын тастыкташкан.

Адвокат кайрадан сот процессин токтотуу боюнча суранган, бирок сот аны макул тапкан жок.

Сот жараяны Аида Салянованын катышуусуз уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10610



Добавить комментарий