Көлдө кылмыштуу топ ишкерлерди алардын «көзүнө көрүнүп турууга» мажбурлайт

11 января 2018 11:34 927 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-январда, парламенттин жыйынында, депутат Дастан Бекешев УКМКны Ысык-Көл областындагы «Осьминог» ресторанынын өрттөлүшү боюнча ишке кошулууга чакырды.

Ал, кеп улуттук коопсуздук туурасында болуп жатканын түшүндүрдү.

"Ысык-Көлдө ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтун көзүнө көрүнүп турууга мажбур болушат, бирок милицияга кайрылуудан коркушат. ИИМ дале бул көйгөйдү чече элек. Буга байланыштуу мен, УКМК бул ишке кошулуусун сунуштайм. Ишкерлер коркпошу керек. Укук коргоо органдары коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү»,-дейт ал.

Эске салсак, аталган ресторанда 6-январдан 7-январга караган түнү өрт чыгып, имарат толугу менен күйгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт жарыдруудан улам чыккан.

Видеодо күбө, ресторанда алгач жардыруу болуп кийин жалын имаратты толук каптаганын айтып берген. Өрт тушташ жайгашкан үйлөрдү дагы капатаган. Видеонун автору, ресторан Өмүрбек Бабановдун туугандарына таандык болгондуктан, аны атайылап эле күйгүзүп жиберишкен деп ишенет.

Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен "Гринхаус" жана "Сыябан" мейманканалары жабыркаган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10584



Добавить комментарий