Депутат өтүүгө жолтоо кылган кайырчыларды жолдон алууга чакырды

11 января 2018 11:11 862 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-январда, парламенттин жыйынында, депутат Алтынай Өмүрбекова укук коргоо органдарын Коопсуздук кеңешинин чечимин аткарбаганы үчүн сынга алды.

Анын айтымында, буга чейин аталган кеңеш жолдордогу коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар чечим кабыл алган, бирок 2017-жыл үчүн укук коргоо органдары тарабынан айрым пункттар аткарылган эмес.

"Документте, 2017-жылдан баштап Бишкекте фиксация үчүн сүрөт жана көзөмөл камералар орнотулушу керек деп белгиленген, бирок ал жасалган жок. Сентябрга дейре окуучуларды жарык чыгаруучу кийимдер менен камсыздоо пландалган, ал дагы жок. Жеке өзүм кечээ текшердим. Бул жерде кеп экинчи смена менен окуган окуучулар туурасында жүрүп жатканын түшүнөм. Укук коргоо органдары жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, өтүүгө жолтоо кылган кайыр сурагандарга көңүл бурушу зарыл»,-деп эсептейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10581



Добавить комментарий