Жээнбеков: «Ипотекалык насыялар эми бардык каалоочу кыргызстандыктарга бериле баштайт»

11 января 2018 09:38 1318 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдан тартып, мамлекеттик ипотекалык компания турак-жайларды сатып алууга насыяларды мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу кыргызстандыктарга жылдык 8 пайыз менен бере баштайт жана келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери жылдык 6 пайызга чейин төмөндөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков, кечээ, 10-январда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы 9-январда “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун жана анын алкагында аймактарда иш орундарын түзүү, керектүү инфраструктуралык курулуштарды жана социалдык объектилерди куруу, аймактарды өнүктүрүү жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган пландуу жумуш аткарыларын эскертти.

Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш анын жумушундагы негизги артыкчылык экенин жана алдыда боло турган Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупция менен күрөштүн багыттары талкууланаарын дагы бир ирет баса  белгиледи.

Президент өзүнүн мамлекет башчысы кызматындагы тышкы саясат ишмердиги тууралуу маалымат берди. Ал расмий жана жумушчу сапарлар менен коңшу мамлекеттерге барганын белгиледи. Мындан тышкары, дин тармагы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тарыхты жана маданий мурасты сактоо, элдин биримдиги идеологиясын бекемдөө боюнча бардык башталган мамлекеттик реформалар натыйжалуу улантылаарын кошумчалады.

Көпчүлүк суроолор социалдык жана инфраструктуралык объектилерди, ирригациялык объектилерди куруу, ЕАЭБдин алкагында айыл чарба соода-сатыгы, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу болду.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Жээнбеков бардык маселелер чечиле турганын, башкысы өлкөдө туруктуулук, ынтымак, талыкпаган эмгек болушу керектигин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content10574



Добавить комментарий