Ошто жарандык никедеги аялын кабыргасы сынганча сабаган жаран кармалды

10 января 2018 17:55 1812 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында эркек киши катуу кызганычтан улам, жарандык никедеги аялын өлтүрүп койду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБсинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ, 9-январда, болжол менен саат 11:40тарда милицияга, 41 жаштагы аялдын каза болгону тууралуу маалымат келген.

Окуя болгон жерге келген иликтөө кызматкерлери аныктагандай, жаран алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Маркумдун 4 кабыргасы сынып, баш сөөгү талкаланган.

Ошол эле күнү Оштогу борбордук базардан кылмышка шектүү делип 41 жаштагы Б.Н. кармалган. Ал маркумдун жарандык никедеги жолдошу болгон.

Кылмышка шектүү жасаган ишин мойнуна алган жана мындай кадамга чогуу жашаган аялды башка эркектерге кызганганы үчүн барганын айтып берген. 7-январда шектүү аялды катуу сабап, үйдөн чыгып кеткен.

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10572



Добавить комментарий