Антальяда 2-кабаттан кулаган аялга операция жасалды

10 января 2018 17:23 593 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Анталья шаарындагы көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан кулап түшкөн кыргызстандык А. аттуу жарандын абалы боюнча билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу, жаран дарыланып жаткан Түркиянын мамлекеттик бейтапканасынын дарыгерлери менен байланышты. Жаранга анын медициналык камсыздандыруусунун негизинде операция жасалган. Учурда бейтап ооруканадан чыгууга камданып жатат, андан кийин ал Түркиядагы кыргыз диаспорасы тарабынан ижарага алынган батирде жашап турууну пландоодо.

Реабилитациядан жана керектүү документтерди алгандан кийин, кыргызстандык аял туугандарынын коштоосунда 19-январда мекенине келүүгө даярданат.

Башкы консулдук бул маселени көзөмөлгө алды.

Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Ассоль Молдокматова, Түркиянын Анталья шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын экинчи кабатынан кулап түшкөн кыргызстандык аялга жардам көрсөтүүгө чакырган. Анын айтымында, кулагандан кийин 52 жаштагы аялдын буту, колу жана жамбаш сөөгү сынган. Маалымдалгандай, окуя 3-январда Финикеде болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10570



Добавить комментарий